Курс НБ на 20.11.2019 $69,8500 €77,2506

Авлетимте мектеп салынууда

Аймак
24 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
115
Аксы районундагы Авлетим айыл өкмөтүндөгү Мукур айылында Калмат Алымкулов атындагы жаңы мектептин пайдубалына капсула салынды. Бул айылдын тургундарынын суранычы быйыл ишке ашып, жаңы мектеп түптөлүп жатат. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен 50 миллион сом бөлүнөт. Курулушту Учурда 3 миллион сом бөлүнүп, алгачкы иштер башталган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов билдирди. Маалыматка таянсак, мектеп 225 окуучуга ылайыкташып, баардык шарты менен салынаары күтүлүүдө.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.