Курс НБ на 21.01.2021 $84,5260 €102,5512

Авиакырсыктан каза болгон Нарын облусунун тургундарынын сөөгү жерге берилди

Аймак
18 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
585
Бүгүн, 2017-жылдын 18-январында, «Боинг 747-400» учагынын  кесепетинен  Дача-Суу айылында каза болгон Нарын облусунун тургундарынын сөөгү жерге берилди.
Нарын шаарынын тургуну Наргиза Кожоналиеванын сөөгүн жерге берүү зыйнатына Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпович катышты. Облус башчы Н.Кожоналиеванын үй-бүлө мүчөлөрүнө, жакындарына көңүл айтып, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин жардам көрсөтүү фондунан 100 миң сом тапшырды.  
Бүгүн Нарын облусунун Кочкор айылында Гүлжан Исакованын (1980-ж.туулган), Руслан Шаршенбековдун (2011), Нарын шаарында Наргиза Кожоналиеванын (1988) сөөгү жерге берилди.
Каза болгондордун жакындарына жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан 100 миң сомдон, КР Жогорку Кеңештин, спикердин фондунан 80 миң сомдон, Өкмөттөн 70 миң сомдон, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фондунан 30 миң сомдон үй-бүлөлөрүнө жардам катары берилди.
Айнура Дүйшөк кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.