Курс НБ на 25.01.2021 $84,7911 €103,2162

40 жылдан кийинки кар

Аймак
16 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
593
15-январь күнү Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Аманбай Кайыпов жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен атактуу Ак-Сай өрөөнүнө бара турган Ат-Башы-Ак-Муз-Кында унаа жолунун  абалы менен жеринде таанышып келди. Башкы максат бул жолдун кардан кандай күрөлүп жаткандыгын көрүү болгон экен.
           
             Быйылкы кар Ат-Башы өрөөнүнө дагы калың түшкөн экен. Ак-Муз айылынан тарта ачылган жолдордун айрым жерлери күрөндү боло түшүптүр. Анткени бул тарапта карды шамал айдап турарлыгын жергиликтүү тургун маалымдап берди. Натыйжада Кичи Каманды коктусу туштарда кар жука экен. Бирок Босого жайлоосунан тарта кар күрөндүсү калыңдады. Ал эми жолду тазалоо иштери бул күнү дал Беш-Белчир жайлоосуна жетиптир.
            -Ак-Сай өрөөнүнө кар70 сантиметрден 1 метрге чейин жеткендигин адистер билдиришти. Натыйжада өрөөндө жашап жаткан жалпы 54 малчыларга кыйынчылыктар жаралды. Ушундан улам облустук алкакта атайын чукул кырдаалда штаб түзүлүп, алгач Ат-Башы-Торугарт-Кында жолун ачуу жумуштары башталган. Учурда бул 470 чакырым жол толук тазаланып, ачылып, мал ээлери ал жол менен тоюттарын ташып жеткиришүүдө. Бирок бир катар малчылар ушул жакын жол дагы ачылса, биз ичкери карай көчүп түшөт элек деп маселе коюшкандыктан абалды өкмөткө билдирдик. Жыйынтыгында Премьер-министрдин жеке тапшырмасы аркылуу 4 тонна күйүүчү-майлоочу майлар чечилип, 10-январдан тарта Ак-Муз айылынан баштап жол тазалана баштады,-деп билдирди өкүлдүн биринчи орун басары Касен Асизов дал ошол Беш-Белчирден.
            Биз барганда Беш-Белчирде ЧТЗБ-10М деген бульдозер жана XGMA 955 үлгүсүндөгү жүктөөчү техника иштеп жатыптыр.
            -Ат-Башы-Ак-Муз-Кында жолун ачуу жумуштарын жолчулар аткарууда. Жолдун узундугу 83 чакырым болсо, беш күндүн ичинде жолдун 65-чакырымына чейин күрөп, жолду ачканга үлгүрдүк. 9 адам үч мөөнөт менен тынымсыз иштешүүдө. Ошол эле учурда Кында бели тараптан бир ушундай бульдозер жолду ачып тазалап келе жатат. Жолчуларга тамак-аштар убагында берилип, №20-жол тейлөө ишканасынын Босогодогу дистанциясынын жатаканасына алып барылып жаткырылууда,-деп билдирди №3-ПЛУАД мекемесинин жетекчиси Келдибек Кадыркулов. Ал эми облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчиси Токтобек Шоңкоев мырза түнкүсүн бул тарапта сууктун күчү 45 даражага чейин жетип жаткандыгын, бирок мал өлүм жигимге учурап өзгөчө кырдаал болбогондугун кеп кылды. Жергиликтүү тургун Дүйшөнбек Ак-Сайдын Көк-Кыя өзөнүнө 40 жыл илгери кар түшкөндүгүн эскерди.
            -Мен жаш кезимде колхоздун ГАЗ-66 унаасын айдап иштеп, жайы кышы Ак-Сайга каттап турчумун. Азыр тактасак Көк-Кыяга 40 жыл мурда кар түшүптүр. Негизи Ак-Сайга кышкысын кар жаабагандыктан улам кыштоо болгон да,-деди.
Ал эми Ат-Башы районунун акими Жакып Субакожоев буга чейин райондун Талды-Суу айыл аймагына бир гана үй-бүлө малдарын айдап келгендиктерин, эгерде жол ачылса, айрымдары да ичкери көчүп келишип, калгандары ушул жол менен тоют ташый тургандыктарын билдирди.
 
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Беш-Белчир


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.