Курс НБ на 17.09.2019 $69,7942 €76,9027

Кыргыз-тажик чек арасында жер титирөө катталды

Аймак
07 - Сентябрь 2016
0
533

Кыргыз-тажик чек арасында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Бишкектин Көк-Жар, Салам-Алик, Щербаков конуштарына газ түтүгү тартылууда

Аймак
07 - Сентябрь 2016
0
544

Көк-Жар конушунда 55 чакырым түтүк тартылып, 2 миң 697 үй газга кошулат.

Курман айт намазы эски аянтта окулат

Аймак
07 - Сентябрь 2016
0
578

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти

Аксыда абал тынч

Аймак
02 - Сентябрь 2016
0
640

Үңкүр-Тоону өзбек милиционерлеринен бошотуу боюнча элдик кошуундар түзүлүп жатат,- деп ЖМКларга чыгып кеткен маалыматты Ички иштер министрлиги төгүнгө чыгарды. ИИМдин маалымат кызматы «Чек ара маселеси сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек.

Курман айт майрамы 12-сентябрда белгиленет

Аймак
02 - Сентябрь 2016
0
562

Расмий түрдө майрамдын белгиленчү күнү аныкталганын тууралуу муфтият билдирди. Курман айт 30 күндүк орозонун жыйынтыгы менен майрамдалган Орозо айттан 70 күн өткөндөн кийин белгиленет. Бул күнү колунда бар мусулмандар курмандык чалып, анын бир бөлүгүн карыптарга, муктаж болгондорго таратып бериши шарт.

Кочкор районунун Шамшы айылында мектептин ачылышы болду

Аймак
02 - Сентябрь 2016
0
1420

1-сентябрда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Шамшы айылындагы Осмон Айбашов атындагы орто мектебинин ачылыш аземи болду. Салтанатка Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министри Мухамметкалый Абулгазиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Кочкор районунун акими Нурлан Керималиев, мектептин эмгек жамааты, окуучулар жана ата-энелер катышты.

Нарында жаңы бала бакча ачылды

Аймак
02 - Сентябрь 2016
0
868

2016/2017-жаңы окуу жылын Нарын шаары жаңы бала бакча менен тосуп алды. Калаанын чыгыш тарабына долбоор негизинде 32 орундуу бала бакча курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди жана кызыл лентасы Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы белгиленген 31-август күнү кесилди.

Аялдаманын «көркүн ачкан» таксилер

Аймак
02 - Сентябрь 2016
0
568

Жайкы эс алуу аяктап, студенттер, окуучулар шаар ичи өзүнчө шаңга бөлөнгөндөй. Дегеним жол тыгындары жана автобустардын, маршруттук микроавтобустардын ичи андан бетер тыгынга айланды. Аялдамалар да көркүнө чыккандай.

Ошто эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата жаңы көпүрө колдонууга берилди

Аймак
02 - Сентябрь 2016
0
552

Ош шаарындагы Курманжан Датка жана Туран аймактык кеңештерин бириктирүүчү жаңы көпүрө колдонууга берилди. Ачылуу аземине КР Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев,шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, студенттер жана шаар тургундары катышты.

Ошто жаңы мектеп ачылды

Аймак
02 - Сентябрь 2016
0
661

1-сентябрда Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө кыргыз-казак өкмөтү биргеликте курган «Жетиген» мектеп-лицейи алгачкы окуучуларын кабыл алды. Мектептин ачылышына КРнын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Казакстандан келген өкүлдөр, мектеп окуучулары жана ата-энелер катышты.

Паспорттун баасы көтөрүлдү

Аймак
02 - Сентябрь 2016
0
669

1-сентябрга чейин ички паспорт алуу үчүн 165 сом, жалпы жарандык паспорт үчүн 454 сом алынчу. Кечээ ички паспортторду алуу же алмаштыруу 460 сом, ал эми жалпы жарандык паспорттун баасы 750 сомго чыкты. Жоголуп кеткен паспорттун ордун жаңылоодо ички паспорттун баасы 530 сом, ал эми жалпы жарандык паспорт 860 сом турат, деп билдирди Мамлекеттик каттоо кызматы.