Талас облусунда жол коопсуздугун камсыздоонун кадамдары башталды
КР ИИМнин Талас облустук башкармалыгын Түштүк Корея өлкөсүнөн келген өкүлдөр заманбап жабдуулар менен камсыз кылмай болушту.
Жумамүдүн Шералиев атындагы жаңы мектеп ачылды
Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Нарын шаарындагы Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин жаңы курулган имаратынын ачылыш аземине катышты.
Жаштар жардамга келишти
Баткен районуна караштуу Кара-Булак айылынын жаштары колунда жок үй-бүлөлөргө жардам беришкендиги тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Аламүдүн районунда жер көчкү жүрдү
Алдын ала алынган маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районунда 2016-жылдын 5-декабрынан 6-декабрына караган түнү Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу Кара-Гоо дачалык участкасында жер көчкү жүргөн.
Майып балдар үчүн балдар бакчасына жардам көрсөттү
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Талас облустук бөлүмү “Теңир Колдо” майып балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесинин майып балдар үчүн бала бакчасына кеңселик товарлар (пазлдар, түстүү альбомдор, түстүү карандаштар, ж.б.) түрүндө жардам көрсөттү.
Жаңы ашкана жана кир жуучу жай ишке берилди
Ак-Суудагы аялдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде ашкананын жана кир жуучу жайдын жаңы имараттары курулуп бүтүп, ишке берилди.
Талас облусунда аялуу адамдарга жардам берүүнүн бир айлыгы жүрүүдө
3-декабрь майып адамдардын эл аралык күнүндө баш кошушкан Расул менен Мээрим үйлөнүү үлпөтүнө керектелүүчү каражаттарын сопкерчилик ишине жумшашып, Талас районунун мүмкүнчүлүгү чектелген 30 баласына кышкы куртка тартуулашты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Талас жергесинде болду
КР ЖКнын төрагасы Чыныбай Турсунбеков бир катар министрлер менен бирге 5-декабрь күнү Талас облусунда иш сапары менен болуп, курулушу бүтпөй жаткан обьектилердин абалы менен таанышты.
Нарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүлдү (фото)
3-декабрь – Майыптардын эл аралык күнүнө карата, Өкмөттүн Нарын облсундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген ар улуттун өкүлдөрү менен жолугуп, шал оорусу менен ооруган балдардын үйлөрүнө барып акча каражаттарын тапшырды.
Нарын облусундагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү
3-декабрда, Нарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү.
Кыргыз-кытай чек арасында жер титирөө катталды
Кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде күчү 4 баллга жеткен жер силкинүү катталды.
Шайлоого шайың кандай шайлоочу?
Ошентип саналуу күндөн кийин кезектеги шайлоо жараяны болот.
ВИЧ илдети менен төрөлгөн балдар өз статусу тууралуу уга башташты
Ошто мындан бир топ жыл мурун ВИЧ илдети менен төрөлгөн балдар эс тартып, кээлери үйлөнүү курагына келип калышкандыктан жакында Оштогу СПИДге каршы борбордо ВИЧ илдеттүү балдар менен психологдор иштей баштаган.
Бүткүл дүйнөлүк СПИД оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата Нарын шаарынын борбордук аянтында флешмоб өттү
Кечээ 1-декабрь - Бүткүл дүйнөлүк СПИД оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата өткөрүлгөн акциянын алкагында Нарын шаарынын борбордук аянтында флешмоб уюштурулду.
Таластын «Эне тилеги» өздүк көркөм чыгармачыл тобунун таланттары өнөрлөрүн тартуулашты
Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинин жыйын залында «Талас айымдары» коомдук уюмунун алдында апалардан түзүлгөн «Эне тилеги» өздүк көркөм чыгармачыл тобунун концерти өткөрүлдү.
Ат-Башыда үйлөрдү суу каптоо коркунучу жаралууда
Ат-Башынын “Аралбай-Саз” аймагында жер алдынан чыккан суулар тоңуп, болжол менен 300 турак үйдү каптап калуу коркунучу турат.
Жалал-Абадда жер титирөө катталды
Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Талас облустук прокуратурасында Жер мыйзамдарынын аткарылышына көзөмөл күчүндө
Прокуратура органдары жер жөнүндөгү мыйзамдардын аткарылышына өзгөчө көңүл буруп келет.
Каратайда №1”Бөбөктай” балдар бакчасы ачылды
Кара-Суу районуна караштуу Каратай айылында алгачкы жолу бала бакча ачылды.
Жаш балбандар таймашты
Талас шаарындагы «Газпром» спорт залында Жээнмырза уулу Көкөндүн наамында өткөрүлгөн грек-рим боюнча эл аралык мелдеште жаш балбандар 14 салмак боюнча күч сынашышты.
Көпчүлүк күткөн көпүрө оңдолду
Талас районунун Көк-Кашат айылында Талас суусуна салынган көпүрөнү жазындагы суу ташкыны алып кеткенден бери өйүз-бүйүздөгү элдин бири бирине катташы кыйындаган.
Бердике баатырдын 300 жылдыгы белгиленди
Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинин жыйын залында Бердике баатырдын 300 жылдыгына араналган республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Каракол шаарындагы азык-түлүк саткан “Макиш” базары өрттөндү
Базардын бир бөлүгү өрттөнүп кетти.
Дин башкармалыгы Талас облусундагы медреселердин ишмердүүлүгүн текшерүүдө
Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Транспорт жана жолдор министринин орун басары Эркин Осоев Нарын шаарынын жолдорунун абалы менен таанышты
2016-жылдын 25-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министринин орун басары Эркин Осоев менен Нарын шаарынын жолдорунун абалы менен таанышты.