Транспорт министри Жамшитбек Калилов Бишкек-Ош автомагистралынын абалы менен таанышты (салынды)
20-мартта КРнын Транспорт министри Жамшитбек Калилов Бишкек-Ош автомагистралынын төртүнчү фазасына кирген Маданият-Бек-Абад автомагистралынын учурдагы абалы менен жеринде таанышты
Жалал-Абадда Ноорузду шаңдуу майрамдашты(фоторепортаж)
21-мартта Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында Нооруз майрамы жалпы элдин катышуусу менен шаңдуу маанайда майрамдалды.
Массалык ишембилик өттү
Жаздын келишине жана жаңы күн, жаңы жашоонун символу катары белгиленип келаткан улуу Нооруз майрамына карата Ош шаарында массалык ишембилик өттү
Нарында Нооруз майрамы белгиленди
21-мартта Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында Нооруз майрамы белгиленди.
Ак-Сай менен дале байланыш жок
Нарындын Ат-Башы районундагы Ак-Сай кыштоосунда 147 түтүн менен байланышууга дале мүмкүнчүлүк боло элек
Жеңил атлетика боюнча окуучулар арасында мелдеш өтүүдө
Жалал-Абад шаарындагы борбордук “Курманбек” стадионунда шаардагы мектеп окуучуларынын арасында жеңил атлетика боюнча мелдеш өткөрүлүүдө
Ош шаарында гранттын жардамы менен спорт комплекс курулат
Ош шаарына Иран Ислам Республикасынын жардамы менен спорт комплекс курулат
Түңкү рейдде мектеп окуучулары кармалган жок
Жалал-Абад шаарынын мэриясы шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясы менен бирге уюштурган түңкү рейдде 53 адам кармалган.
Жалал-Абадда шаар тургундарынын түнкү тынчтыгы текшерилди
Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан шаардагы спирттик ичимдиктерин сатуу режимин жана балдар ойноочу түнкү интернет-клубдардын ишинин тартибин текшерүү максатында атайын рейддер өткөрүлдү
Жалал-Абадда кургак учук менен ооругандарды мажбурлап дарылоо сунуштары айтылды
Бүгүн Жалал-Абад шаарынын аймактарындагы саламаттыкты сактоо системасын башкаруу боюнча координациялык комиссиясынын жыйынында ушундай сунуштар айтылды
Нооруз майрамына даярдык башталды
Жалал-Абад облусунда Нооруз майрамын өткөрүүгө даярдыктар башталды.
Майлуу-Сууда турак үйлөр кооптуу абалда
Кечээ, 15-мартта Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы Сары-Бээ аймактык башкармалыгында жер көчкү жылып, турак үйлөргө кооптуу абал жаралды.
Талапка жооп бербеген, мыйзамсыз сырткы жарнактар алынып салынат
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев протоколдук тапшырманын аткарылышын, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча үч айлыктын алкагында, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жарнак бөлүмү тарабынан мыйзамсыз курулуштарды алып салуу бөлүмү менен биргеликте шаардагы Ленин, Навои жана Кара-Суу көчөлөрүндөгү мыйзамсыз жайгаштырылган жана эскирген, талаптарга жооп бербеген сырткы жарнактарды алып салуу иштеринин аткарылышын көзөмөлдөө иштерин жүргүздү.
Оштогу Раззаков атындагы эс алуу багы оңдолууда
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаадагы Исках Раззаков эс алуу багынын оңдоп-түзөө жумуштарын текшерди
Нарында 25 миң адам таза суу менен камсыздалды
Нарын облусундагы ирригациялык тармактын оңдолушу менен аймактын 25 миң жашоочусу таза суу менен камсыз болду.
Ат-Башы районуна өзгөчө кырдаал абалы жарыяланды
2017-жылдын 12-14-март күндөрү бурганактаган шамалдын кесепетинен Ак-Муз, Ак-Моюн жана Талды-Суу айыл аймактарындагы автоунаа жолдорунда кар күрткүлөрү пайда болгон.
Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Жалал-Абаддагы “Мед Лайн” медициналык борборунун иши менен таанышты (фоторепортаж)
15-мартта КРнын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жана КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Жалал-Абад шаарындагы “Мед Лайн” менчик медициналык борборунун иши менен жеринде таанышты
Тилсиз жоо турак үйдү толугу менен жалмап кетти
Электр жабдууларын пайдаланууда эреженин бузулушу акыркы сутка ичиндеги өрт кырсыктарына себепкер болду.
Россия Федерациясынын Оштогу Генералдык консулу Жалал-Абадда көчмө “Мобилдик клиниканы” тапшырды (фоторепортаж)
15-мартта Жалал-Абад облустук биргелешкен клиникасына Россия Федерациясынан тартуу кылынган дөңгөлөк үстүндөгү көчмө “Мобилдик клиниканы” салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү
Ат оюндары 6 күн бою уланат
Нооруз” майрамынын урматына карата улуттук салбуурун жана ат оюндары өткөрүү боюнча КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашовдун буйругу чыккан
Жалал-Абадда коомчулук эрте никеге турууга каршы
Жалал-Абад шаарынын, Сузак, Базар-Коргон райондорунун коомчулугу жаштардын эрте никеге туруусуна түп-тамырынан каршы
2020-жылга чейин Ош шаары толугу менен газ менен камсыздалат
Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Жалал-Абадда коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу талкууланды(фоторепортаж)
14-мартта Жалал-Абадда Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылууга арналган Координациялык кеңештин алгачкы жыйыны болуп өттү
Жалала-Абадда “бир момунга - бир дарак” акциясы өткөрүлдү
Бүгүн Кыргызстан боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармасынын азирети муфтийинин “Бир момунга - бир дарак” аттуу акциясы өтүп жатат
Кесиптик-техникалык лицейлердин балбандары күч сынашты
Талас облусундагы 5 кесиптик-техникалык лицейлерде окуучуларды турмуштагы эң зарыл адистиктерге даярдоо менен бирге аларды спортко тартуу өнүккөн