Соңку кабарлар
БардыгыСадыр Жапаров: Сот бийлиги Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөдө маанилүү курал
«Сот бийлиги улуттар аралык ынтымакты, жарандык тынчтыкты жана Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөдө маанилүү курал болуп саналат. Ал эми мыйзам жана сот алдында баардыгы бирдей деген конституциялык принциптин шартсыз сакталышы соттордун иш-аракеттеринен түздөн-түз көз каранды», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, Сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада сот корпусунун алдында сүйлөп жатып.
"Ала-Тоо" аянтында 22-апрелге чейин митинг өткөрүүгө болбойт
Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарган.
Жумуртка менен картошканын баасы жогорулады
Бул эки азыктын чекене баасы бир жыл ичинде 1,5 эсеге жогорулаганын Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) жоюу чечими кабыл алынды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) жоюу жөнүндө чечим кабыл алынды.
Экономикалык кызматташтык уюмунун 14-саммити болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 4-мартта, Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 14-саммитинин видеоконференция форматында өткөн ишине катышты.
Улуттук кийимдердин парады өттү
Бүгүн, 4-мартта Бишкекте Ак калпак күнүнө карата улуттук кийимдердин парады өттү.
Президент Садыр Жапаров 11-12-мартта иш сапары менен Өзбекстанга барат
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-12-мартта иш сапары менен Өзбекстанга барат.